7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ЖЭБинин авариясында жабыр тарткан кызматкерге үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү

289

Бишкек шаардык ЖЭБинин штаттан тышкаркы кырдаалда жабырланган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.

Энергетика Министри Таалайбек Ибраевдин өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле, учурдагы кырдаалды жана жабырлануучунун абалын эске алуу менен Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги жабырлануучуга ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришти жана эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын ордун толтурду.

Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген.

Алпбек Садыров жабырлануучу жана анын атасы менен баарлашып, анын ден соолугунун абалы жана тез айыгып кетүү үчүн мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө таанышып, суроолорду, көйгөйлөрдү угуп, мындан ары аны тезирээк калыбына келтирүү үчүн ишкана тарабынан баардык чаралар көрүлөөрү жана зарыл жардам көрсөтүлүп тураары тууралуу белгилей кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ш. ЖЭБинде болгон авариялык кырдаалдан жабыркаган кызматкерлер Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланышкан. 9-майда Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн.

 

290