7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсиңизге түйүңүз! Суу шалаакылыкты кечирбейт! ӨКМ жарандарга эскертүү берди

264

ӨКМ эскертет! Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу обьекттилеринде сууга түшүүгө болбойт!

Алар:

  • Көлмөлөр
  • Жасалма көлмөлөр
  • Каналдар
  • Дарыялар

Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалда түшүүгө болбойт.

Жалпы эс алуу жерлерде эс алып жаткан жарандарга төмөнкү иштерди кылууга тыюу салынат:

— Тыюу салынган белгилер же «Коркунучтуу!»; «Сууга түшүүгө болбойт!»; «Сууга чумкууга (секирүүгө) тыюу салынат!» деген жазуулар бар жерлерде сууга секирүүгө жана түшүүгө;

— Тосмо белгилерден ары сүзүүгө (буйлардан, буй жолдорунан);

— Моторлуу, жел кемелерине, калакты орнотууга ылайыкталган кайыктарга жана башка суу жабдыктарына жакын сүзүп барууга;

— Техникалык жана эскертүүчү белгилердин, буйлардын жана башка нерселердин үстүнө чыгууга;

— Куткаруучу шаймандарды жана жабдыктарды тиешесиз колдонууга;

— Сууга секирүүгө ылайыкталбаган жана суунун абалы жана тереңдигинин белгисиз жерлерде сууга секирүүгө;

— Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана мас абалда сууга түшүүгө;

— Сууда чумкуу жана сууга түшүп жаткандарды кармоо менен байланышкан оюундарды уюштурууга;

— Жалган коркунуч сигналын берүүгө;

— Жаш балдарды кароосуз калтырууга;

— Сууда сүзүү үчүн автомобиль камераларын, үйлөнгөн матрацтарды, тактайларды жана ошого окшогон нерселерди колдонууга;

— Пляж зонасында моторлуу, парус, калакты орнотууга ылайыкталган кайык жана башка калак менен жүрүүчү жана мотор менен жүрүүчү сууда сүзүү жабдыктарын колдонууга;

— Өзү менен кошо иттерди жана башка жаныбарларды ээрчитип келүүгө;

— Көлмөлөрдү кирдетип, таштандыларды калтырууга.

—  Сууга секирүүгө ылайыкталбаган жана суунун абалы жана тереңдигинин белгисиз жерлерде сууга секирүүгө.

Эсиңизге түйүңүз! Суу шалаакылыкты кечирбейт.

 

 

 

265