7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу башталды

393

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды. Эки деңгээлдүү жол өтмөгү Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курулат.

Тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, жумушту 2 нөөмөт менен уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Буга чейин шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.

Жумуштар жалпы 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат.

394