Ош областынын прокуратурасы тарабынан КРнын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча пландык текшерүү уюштурулуп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Сары-Таш участкасындагы “С.Г.” ЖЧКна жана “Б.Т.” ЖЧКна, ошондой эле, “Б.Т.” ЖЧКна жана “А.Р.” ЖЧКна сары-таш кенин казып иштетүү максатында берилген жер тилкелердин ортосундагы эч кимдин укугу катталбаган жалпы 0,20 га жер аянты казылып, аталган жерден сары-таштын катмарынан көлөмү 2600 куб метрди түзгөн таш кени кыркылып алынган.
Таш кени мыйзамсыз кыркылып алынгандыгынын натыйжасында мамлекетке 13 млн. сомдук зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.