7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОшМУнун 85 жаштагы студенти: «Үй-бүлөм ушул жашыңызда окубай эле коюңуз дешти»

1552

85 жаштагы Мамат Кулматов аксакал учурда ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, буга чейин ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш мезгилинде болсо, айыл-чарба техникумунда окуп, аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаны уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

«ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем. Үй-бүлөм ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө сөз берген элем дарыгер болом деп»- байбичем да илимди танда же бизди танда деп суроо койду деген аксакал жылмайып.

Мамат Кулматов аксакал Байбичеси менен 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20 дан ашуун небере, чеберелери бар.

«27 жылдан бери ушул тармакта окутуучу болуп иштесем, биринчи жолу практикамда улуу жаштагы ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды»- дейт органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1553