7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№13 шайлоо округу: Сот БШКнын чечимин күчүндө калтырды

13

2025-жылдын 3-декабрында №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындай чечим кабыл алууга шайлоо тилкелеринде телефондор коюлганы себеп болгон. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, ошол убакта телефондор ким тарабынан коюлганы аныкталган эмес. Азыр тергөөнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөр белгилүү болду.

“Шайлоо бул өзгөчө процесс, убакыт тар, чечим кабыл алынышы керек. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө жүргүзгөн. Ошол учурда телефондор ким тарабынан коюлганын айта алган эмес. Жакында аталган башкармалык тергөөдө күнөөлүү адамдарды аныктап, аларга кылмыш иши боюнча айыбын угузган”, — деди ал.

Тынчтык Шайназаров белгилегендей, тергөөнүн маалыматына таянып, күнөөлүү адамдар аныкталгандыктан, калган 13 талапкердин кыймыл-аракетинде мыйзам бузуу фактылары жок болгондугуна байланыштуу БШК кийинки талапкерлерди – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапкан.

“Бүгүн Бишкек шаардык административдик соту БШКнын чечимин карап, чечимди күчүндө калтырды. Административдик соттун чечимин сотко кайрылган тарап (талапкер Базарбаев) Жогорку сотко даттанса болот. Эгер чечимге карата Жогорку сотко даттуу түшүп калса, Жогорку соттун чечимин күтөбүз. Эгерде аталган сот административдик соттун чечимин күчүндө калтыра турган болсо, ошол замат биз үч депутатка мандаттарды беребиз”, — деди БШК төрагасы.

Ошондой эле Тынчтык Шайназаров 1-мартка дайындалган кайра шайлоо жокко чыгарылгандыктан, талапкерлерден түшкөн 7 млн сом акча каражаты кайтарылып берилерин кошумчалады.

“Кайра шайлоого карата тендерлерди өткөрүүнү токтоттук. Ал эми алынып калган канцеляриялык каражаттар кийинки шайлоого колдонула берет”, -деп айтты ал.

14