7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 жаштагы Акимжанов Жоробек чоң энесинин үйүнө чыгып кеткен бойдон жок

890

13 жаштагы Акимжанов Жоробек үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-июнь күнү  Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасынын тургуну 2008-жылы туулган Акимжанов Жоробек Асылжанович  чоң энесинин үйүнө чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Белгилери: Бою 150-155 см, өңү ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

Белгилей кетсек, дайынсыз болуп жаткан Акимжанов Жоробек тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел: (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

891