Узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.
Аталган адамдар 1-июнда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.