7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен Рахмон Чолпон-Атада жолукту. Талкууланган маселелер

532

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533