7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«134 адам жаракат алган». Лейлектен 10 адам атайын учак менен Бишкекке алып келинди

524

18-сентябрь саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандардын саны 134 адамды түздү.

«Жабыркагандарга жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунан борбор калаанын ооруканасына 98 адам жеткирилген. Зарыл болгон дарылоо жана операциялар оперативдүү түрдө жүргүзүлүп жатат», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башчысы Кубанычбек Кулмаматов.

Мекеменин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова белгилегендей, дарыгерлерге жана жарандарыбызга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна Бишкектен 87 дарыгер жана медицина кызматкерлери жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө дары-дармектер жана кандын компоненттери жетиштүү, бул маселе министрдин орун басары Садыков Уландын көзөмөлүндө.

«Ушул күндөрү активдүү кан тапшырган кайрымдуу жарандарга ыраазычылык билдиребиз, Бишкек шаарында эле 500дөн ашык адам донор болуп, чогултулган материалдын баары атайын рейс менен Баткен облусуна жөнөтүлдү», — дейт Айгерчинова.

Белгилей кетсек, гемодиализге муктаж жарандарга да керектүү көмөк көрсөтүлүп, Лейлек районунан 10 адам атайын учак менен Бишкекке жеткирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525