Төкмө акын Садырбек Турдубек уулунун учурдагы кырдаалга байланыштуу:
Ачылбай турат кабагым,
Аш болбой калды тамагым.
Бабалардан калган жер
Баткенимди аядым.
Кырдырбай коргоп алууга,
Кыргызстандын жаранын.
Автомат болуп калса не,
Ак колдо комуз жарагым.
Энелердин көз жашын,
Экке агызды көк касың.
Жутулуп келген Тажиктер,
Жутсаң эмне өз башың…
Аябады баланы, карабады Алланы,
Ок аттың эле кыргызга
Орозо былтыр жайдагы,
Шайтан эмне эмине…
Кайра жумада чуулган салганы.
Тажиктин зулумдарынын,
Тозок болсун ары жагы.
Ал эми Кыргызстандыктар
Бир муштумдай түйүлүп,
Бир тууган болуп биригип.
Жерге көз арткан душманды
Жерибизге кийирбей,
Жер түбүнө кийирип.
Майдалайлы тааруудай,
Манастын руху тирилип.
Жардамга муктаж кыргызга,
Наныбызды берели,
Кагышта болсо жарадар.
Каныбызды берели,
Бекитип албай жөн эле.
Баарыбызды берели,
Өруштөгү жайылган.
Малыбызды берели,
Керек десек Баткенге.
Кетип азыр аскерге,
Жаныбызды берели.
Өлкөбүз болсо жарадар,
Өмүрдүн эмне кереги?!
Тийбесе журтка пайдабыс,
Тирүү жүрбөй өлөлү,
Туубузду жерге түшүрсөк,
Туулбай туна чөгөлү.
(Автор: Садырбек Турдубек уулу)