2024-жылдын 17-ноябрынан 23үнө чейинки окуялар тууралуу белгилүү журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев менен маек.
Үстүбүздөгү 2024-жылы прокуратура менен милициянын 100 жылдыгы, жазуучулар бирикмесинин 90 жылдыгы, журналистиканын 100 жылдыгы жана башка мааракелер белгиленип жатат, бирок мунун баары – ошол кездеги Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев сыяктуу адамдар Кара-кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө жетишип, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндүктөн болуп жатат. Ошол кездеги татаал мезгилде көптөгөн тоскоолдук менен каршылыктарга карабай, кыргыз автономиясын пайда кылгандар эбегейсиз эрдик жасаган.
Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналып, 22-ноябрда Бишкекте өткөрүлгөн медиафорумда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бир нече туура нерсе айтты. Мисалга, журналисттерди бийлик өзү – тигини айтпа-жазба, муну макта, тигиге тийишпе деп жатып мокотуп алды, натыйжада алар өздөрү ойлонуп-жазбастан, тиги же бул министрлик же мекеме тараткан пресс-релиздерди кайталап, журналисттик милдеттин маңызы эмнеде экенин унутуп калгандай. Аны менен катар облустук жана райондук гезиттердин жабылып калганына дагы бийлик күнөөлүү экенин Байсалов моюнга алды.
Жасалма акыл азыр эбегейсиз өнүгүп баратат жана анын жардамы менен көркөм чыгармалар менен ырлар да жазыла баштады. Журналисттердин көптөгөн милдетин дагы айрым алдыңкы маалымат каражаттарында жасалма интеллект аткарып калган мисалдар көп, бирок баары бир азырынча дүйнө коомчулугунда бирдиктүү орток пикир жок жана кээ бир эксперттер кыямат-кайымдын сыңарындай «робокалипсис» тууралуу айта баштады. Бул багытта өтө этият болуп, бот-роботтордун ишин адамдын көзөмөлүнөн чыгарбаш керек…
Жуманын негизги окуялары:
– 22-ноябрда Филармонияда Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленди, анын алдында шаан-шөкөт менен кыргыз милициясынын 100 жылдыгы өткөрүлдү, мунун баары – Кара-кыргыз автономиясынын 100 жылдыгы менен байланыштуу.
– Бир жума мурда, 17-ноябрда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү, анын алдын ала жыйынтыктары белгилүү, бирок расми жыйынтыктар толук жарыялана элек.
– Бакы шаарында 11-ноябрдан 22сине чейин Бириккен улуттардын климат боюнча бийик жолугушуусу болуп өттү, ага Кыргызстандын дагы ар башка деңгээлдеги өкүлдөрү барып, катышып келди. Кыргызстан азыр жашыл экономикага өтө көп көңүл бурууда.
– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда журналисттерди чогултуп, ага белгисиз адамдар кат жиберип, эгер алар койгон талапты Ташиев аткарбаса, анын өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаралат деп билдирген.
– Ташиевдин айтымында, акыркы 4 жылда президент Садыр Жапаровдун өмүрүнө 2 жолу кол салуу даярдалган жана коопсуздук кызматы ал аракеттердин алдын алган.
– Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы спикер Канат Исаевди 4-декабрга чейин СИЗОдо кармоо тууралуу чечим чыгарды. Ал 20-ноябрда кармалып, уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган деп күнөөлөнүүдө.
– Кечээ күнү, 22-ноябрда өткөрүлгөн медиафорумда минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов – жергиликтүү пресса жоюлганына өкмөт да күнөөлүү, ал эми журналисттер журналисттик ишин аткарбай эле, мекемелер тараткан пресс-релиздерди кайталап калды деп билдирди.
– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда – акыркы 4 жылда коррупция менен күрөшүү алкагында мамлекетке 125 млрд доллар кайтарылганын билдирди.
– Көлдө 13 гектар жерди ээлеп, бир млрд сомго бааланган «Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке кайтарылды, Мамлекетик мүлк комитетин башкарып турганда, экс-депутат Равшан Жээнбеков аны жакындарына каттатып койгон деп айтылууда.
– Кумтөр ишканасынын билдиргенине караганда, ишкананын 3 жылдагы таза кирешеси 1 млрд 174 млн долларга жетиптир.
– Тарыхый жана маданий мааниге ээ имараттарды ишкерлерге сатып жибериш керек деген Экономика министрлигинин демилгесине Маданият министрлиги Жогорку кеңештин 18-ноябрда өткөн жыйынында каршы чыкты жана депутаттар мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.
– 20-ноябрда президент Садыр Жапаров мектеп мугалимдеринин мыктыларына ар башка сыйлык тапшырды жана мугалимдерди келекелеген айрым ата-энелерди да сынга алды.
– Акылбек Жапаров бүгүн минкаб мүчөлөрү жана президенттик администрациянын кызматкерлери үчүн лекция окуп, жасалма интеллектти колдонгон мамлекеттер келечекте дүйнө лидерлерине айланат жана Кыргызстан дагы ушундай лидер боло алаарын билдирди.
– КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 22-ноябрда белгилүү азери журналист жана театр режиссёру Мехрибан Заур гызы Алекперзадеге тапшырылды.
– Өткөн жекшемби күнү, 17-ноябрда, Бишкектеги Кино үйүндө Кыргыз киносунун күнү белгиленди жана биринчи кино таануучу Каарман Ашымовдун эмгектери эскерилди.
– Түркмөнстанда өткөн «Коркут-Ата» кинофестивалында түрк маданиятына кошкон салымы үчүн кыргыз режиссёру Замир Эралиев алтын медаль менен сыйланды.
– 21-ноябрда Бишкек административдик соту Бишкектеги троллейбус каттамдарын жоюуну токтотуп туруу жөнүндө чечим чыгарды.
– 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо алкагында Кыргызстандын курамасы 19-ноябрда өз талаасында Иранга 2:3 эсебинде утулду/
– Статкомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөдө 918 миң адам жалпы баасы 47 млрд сомго жеткен микронасыя алган, бул сумма 2023-жыл менен салыштырганда 28 пайызга көп, насыя алгандардын саны болсо 70 пайызга өскөн.
– Салык кызматынын билдиргенине караганда, өлкөнүн баардык 100 пайыз ишкерлери ККМ пайдалана баштады.
– Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын башкармалыгынын жетекчиси С.Ж. пара алып жаткан учурунда кармалды.
– 21-ноябрда Бишкектин Улуттук көркөм музейинде италиялык фотограф София Лавровдун көргөзмөсү ачылды.