Бүгүн Бишкектеги «Газпром» спорт комплексинде оор атлетика боюнча XXXVI эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Мелдеш оор атлетика боюнча Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 71 жылдык мааракесине арналган.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 140тан ашык спортчу катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмак категеорияларында күч сынашууда:
- эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
- кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.
Посмотреть эту публикацию в Instagram