Жоболоңдуу жоңгорлор менен ымалага келип, элине тынчтык алган Карга бийдин үйүнө жоңгорлордун Билерманы конокко келгенде, бийдин жородо алагүү болуп отурган Сатыш деген уулу душмандын аты деп, меймандын жоргосун сойдуруп салат. Эртеси атын жоктогон жонгорлор чыр чыгарып, жаатташа чабышмак болот.
Ошондо Карга бий көпчүлүккө: «Жаңы эле жай турмушка жеткенде бул эмне шумдук!? Баарыңар бул жар арыктан аттагыла!! НИЕТИ АК КУТУЛУП, КАРАСЫ ТУТУЛСУН! Жоо болсо да жай келген мейманга кара санаган айыптуу жазасын тартып, үзүлсүн!!» -дейт! Кезеги келгенде, айыпкер УУЛУ аңдан аттай албай жыгылып, жан берген экен.
Баарын баамдаган Карга бий: «Аттиң, баламдан кадырынан элдин кадыры улук! «ЖАМАНДЫН ЖАНЫН САКТАГАНЧА, ЖАКШЫНЫН КАДЫРЫН САКТА!» дейт наркыбызда. Эми мындай балам жок, жарды уратып, көрүн да каздырбай аны жерге бастырып салгыла, кайрылып атын оозанчы болбогула!» деген экен.
Мындай акыл сыйгыс калыстыкты көргөн жонгорлор, Бир эле БИЙИНДЕ ушунча ашкере КАЛЫСТЫК болсо, бүтүндөй элге кантип теңелмекпиз…» дешип, доодон айнып, улуулукту урматтап, кайтышыптыр. Элинин тынчтыгы, өзүнүн БИР СӨЗҮ ҮЧҮН канынан жаралган баласын ажалга кыйып салган экен, кайран гана КӨСӨМ!!
Бир карыш чач үчүн Камчыбек дарга чыкты!!!! Курманжан датканын сөзүчү!!! Жамгырдай жааган окко окоп казган күрөгүн тоспой, жалындап турган жүрөгүн тоскон ЧОЛПОНБАЙ баатырчы! Кыргызга баласынан, элинен артык эч нерсе жок!!! «КАЛЫСТЫКТЫ КАРГА АКЕДЕН ТАП!» деген сөз эл ичинде тарап, бий Акылман аке атыгып кеткен экен.