14-ФЕВРАЛЬ — ВАЛЕНТИН КҮНҮ. ТҮРКИЯ СИЗДИ РОМАНТИКАЛУУ ЭС АЛУУГА ЧАКЫРАТ
Дүйнөлүк календарда романтика күнү катары белгиленген 14-февраль — Валентин күнү да жакындап келе жатат. Ар дайым адамдын эсинде калатурган саякат тартуулаган Түркия 14-февралга карата сүйүшкөндөрдү өзгөчө романтикалуу эс алууга чакырат. Маданият борбору катару белгилүү Стамбул, тарых менен табият айкалышкан аймак Кападокия, Чыгыш Анадолунун бермети болгон Карс жана Измирдин туристтик айылы Селчук Ширинже сыяктуу дестинациялар улан-кыз, махабатка мас болуп жүргөн жаш жүрөктөр үчүн эшиги ачык. Биз азыр сизге сүйүктүүңүз менен унутулгус көз ирмемдерди өткөрүп келетурган локациялар, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен айтып бергени турабыз. Окуңуз, таанышыңыз! Тандаңыз да жакын инсаныңыз менен жакшы эс алып келиңиз!
СҮЙҮШКӨНДӨР ШААРЫ БОЛГОН СТАМБУЛ
Стамбул дүйнөнүн эң романтикалуу шаарларынын бири десек болот. Валентин күнү сыяктуу романтикалуу майрамдарды өткөрүүгө эң ыңгайлуу жер. Стамбул бардык майрамдардын көркүн ачкан ажайып калаа. Шаардын ар бир бурчунда кереметтүү пейзаждар, табият менен тарыхты менен айкалыштырган уникалдуу жерлер жана эстеликтер бар. Айрыкча Истиклал көчөсү, Галата мунарасы, Галата көпүрөсү, Пьер Лоти дөңсөөсү жана Базилика цистернасы, Румели чеби, Чамлыжа дөңсөөсү, Эмирган токою, Анадолу Кавагы жана өзгөчө кооз Босфор кысыгы ырахат алып, чер жазатурган эң мыкты локациялардын сап башында турат десек болот. Азия менен Европанын бириккен жери Стамбулда жайгашкан Мишелин ресторандары болсо Валентин күнүндө романтикалуу тамактануу үчүн жетиштүү шарттарды түзүп берет.
РОМАНТИКАЛЫК ТЫНЫГУУ ТАРТУУЛАГАН КАПАДОКИЯ
Кападокия калаасы көз жоосун алган пейзажы, реалдуу үңкүр мейманканалары, түркүн-түс аба шарлары, табышмактуу тарыхы жана маданияты, байыркы шарапчылык өнөрү жана үрп-адаттары менен унутулгус бир романтикалуу атмосфера тартуулап турат. Сиз Кападокияга барып калсаңыз Сүйүшкөндөр күнүн таң эрте күн менен кошо абага көтөрүлөтурган аба балондор менен тосуп алсаңыз болот. Эрте менен саат бештерде Гөреме айылынан көтөрүлгөн ысык аба балондор менен Кападокиянын (катуу жамгыр, шамал жана сел агындыларынан пайда болгон) конус сымал үңкүрлөрү, тоо тектери, Гүверчинлик, Земи жана Пашаба түздүктөрүндөгү кооздуктарды асмандан көрө аласыз. Күндүн экинчи жарымында болсо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөреме Ачык асман музейи жана аймактын жер астындагы шаарларын кыдырып, чер жазып, үңкүр мейманканаларда түнөп, Валентин күнүңүздү көңүлдүү, мазмундуу өткөрүп кетсеңиз болот. Аймактын салттуу таш жана ташка чегилген архитектурасы, заманбап ыңгайлуулуктар менен жаңыртылган комфорт жана люкс шарттар да ушул Кападокияда түзүлгөн. Асманда учкан түркүн шарларга тигиле карап, жан шеригиңиз менен жергиликтүү шараптан бир ууртап коюп эс алганга эмне жетсин. Валентин күнүндө биз сизди Кападокиядан күтөбүз.
СЫРДУУ СҮЙҮҮНҮҢ БЕЙИШИ БОЛГОН КАРС
Карс шаары тарыхый жерлери, табигый кооздуктары жана жергиликтүү деликатестери менен уникалдуу атмосферасы менен романтикага абдан ыңгайлуу калаа. Айрыкча кыш мезгилиндеги Анкара кар жамынып, айыл жерлери кышкы туризмдин борборуна айланат. Анкара кышын көрүп, калааны “Чыгыш Экспресс” поезддери менен аралап өтүп, өлкөнүн чыгышында жайгашкан кыш шаары Карска чейин саякаттап, тоо аралап чер жазып келсеңиз болот.
СИЗ КЫЯЛДАНГАН КҮН, ЭҢСЕГЕН АТМОСФЕРА
Анадолунун борбордук бөлүгүнөн башталып, Түркиянын эң чыгыш тарабына чейин 1310 километрге созулган Чыгыш Экспресс жолу укмуш кооз көрүнүштөрү менен белгилүү. Анкарадан чыккан поезд Кырыккале, Кайсери, Сивас, Эрзинжан жана Эрзурум провинцияларынан өтүп, Карс шаарына келип токтойт.
КЫШ ШААРЫ БОЛГОН КАРС
Чыгыш экспресс поезди айланып жүрүп отуруп, кыш шаары болгон Карска келип токтойт. Түркиянын чыгышындагы Анадолунун эң эски конуштарынын бири Карс калаасы түрдүү маданиятка бай локация болуп саналат. Бул жерлерде Урартулардан баштап Перстер, Чыгыш Римдиктер, Селжуктар жана Осмон цивилизацияларынын изи калган. Ошондой эле Карс аймагынан убагында Жибек жолу да өтүп, маанилүү соода борборлорунун бири болуп, турмуш кызып турган.
ЭГЕЙДИН ЭҢ РОМАНТИКАЛУУ ЖОЛУ БОЛГОН ШИРИНЖЕ-ЭФЕС