7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас: Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлери 5 млн сомду кайтарып, үй камагына чыкты

511

Талас шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 5 миллион сом акча каражатын кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин УКМК органдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Талас шаарынын вице-мэри М.М.Байджигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Жусупбеков А.Д., вице-спикер Курамаев А.С. жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Долдоев М.С. кармалышкан.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом которгон, ал эми бул адамдар тергөө учурунда келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кошумча төлөп берүүгө милдеттенишкен.

Белгиленген жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле айыпталуучулардын баш коргоо чарасын ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына байланыштуу өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып, Талас шаардык соту тарабынан жогорудагы адамдардын мурда тандалган бөгөт коюу чарасы (камак түрүндөгү) үй камагына алмаштырылган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун кошумча төлөп берүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512