7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат

598

Жакынкы 14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөр азыркы көрсөткүчтөрдөн 8-9 эсе көп болушу мүмкүн.

“Биринчи пандемия учурунда 2020-жылы апрель-майда карантин киргиздик, оору жугузгандар кескин азайган. Математикалык ыкма боюнча ошол учурда майда күнүнө 4 миңден 16 миңге чейин оору аныкталышы мүмкүн деген божомол болгон. Ошентип, карантин өз натыйжасын көрсөттү. Андан кийин жай бою элдер иш-чараларды өткөрбөй, бет кап тагынып, колун жууп, санитардык нормаларды сактап атышып оору азайган. Азыр биз жарандар санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын байкап жатабыз”,-деди Нурматов.

Эскерте кетсек, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – колду жууп туруу, бет кап тагынуу, коомдук иш-чараларга катышпоо, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599