Чүй районуна караштуу айылдардын бириндеги мечитте эркек киши келген адамдарды өлтүрөм деп коркутуп ок чыгарган. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 15-июнь күнү мас болуп алып мечитте намаз окуп жаткандарды коркутуп ок чыгарган кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Тапанчаны отургандардын биринин маңдайына такап, эки ирет дубалды көздөй атып, андан соң чыгып кеткенин айтып берген.
Тартип сакчылары шектүү катары 63 жаштагы адамды колго түшүргөн. Андан октолгон травматикалык тапанча, желим огу бар эки гильза, магазин жана 20 патрондуу таңгак алынган.
Бейбаштык фактысы боюнча иш козголгону белгилүү болду.
Белгилей кентсек, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.