Жогорку соттун төрайымы Нургул Бакирова бүгүн, Нарын облусундагы соттор менен жолугуп, сот залдарын көрүп чыкты.
Мыйзамдуулук менен маданияттуулукту бирдей сакташыбыз керек деген төрайым, облустун сотторуна кайрылып, соттолуучуларга сылык мамиле кылууга чакырды.
«»Урматтуу соттор «эй» деп соттолуучуларга да кайрылбагыла. Биз мыйзамга жана маданияттуулукка таянышыбыш керек!», -деди.
Анда тазалык, адамгерчилик, калыстык, ошондой эле көз карандысыздык тууралуу кеңири талкууланды.
«Сот ар кимге кылчактабай, өз алдынча, калыс чечим чыгаруу үчүн, адегенде өзү да мыйзам алдында таза болушу керек», — деп эсептейт төрайым.