Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Малыматка ылайык, мэрия муну коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүп жатканы менен байланыштырып, шаар «кызыл зонага» киргенин кошумчалады. Мындан улам муниципалитет ресторан ээлери менен администраторлорго массалык иш-чараларга буйрутма албай коё турууну эскертти.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча оору көп катталгандардын саны боюнча Ош шаары 2-3-орундан түшпөй келет. Өткөн суткада аталган шаарда 73 адамдан коронавирус аныкталган.