7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
99,27
EUR 0,00%
1,17
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Инстарейтинг: Дүйнөдө Роналду, Кыргызстанда Анжелика алдыда

873

Потугалиялык футболист Криштиану Роналдунун инстаграммдагы катталуучулары 300 миллионго жетти. Бул инста дүйнөсүндөгү жаңы рекорд. Роналду эми дүйнө жүзү боюнча социалдык түйүндө катталуучулары эң көп  интернет колдонуучу болуп калды.

Ушул жылдын башында эле анын катталуучулары 250 млн болчу. Ал көбүнчө оюн учурунан кыска видеолорду, эмоционалдуу сүрөттөрдү, үй-бүлөөлүк романтикалык сүрөттөрүн жана спорттук кийимдердин жарнамасын жүктөйт. Мезгил-мезгили менен кайрымдуулук иштерин жасап, андагы эмоцияларды жүктөйт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Cristiano Ronaldo (@cristiano)


Инстаграммадагы катталуучулар рейтинги боюнча Роналдунун артынан, 246 млн катталуучусу менен америкалык актер Дуэйн Джонсон, андан кийин эстрада ырчысы Ариана Гранде келе жатат.  (244 млн).

Ал эми Кыргызстанда, кыргыз тилдүү контент менен эң көп катталуучуну кармап, биринчиликти бербей келе жаткан ырчы Анжеликанын инстаграмм баракчасына катталгандардын саны 2 млн 700 миңден ашты. Ырчы кыз акыркы учурда ыр дүйнөсүндөгү чыгармачылыгы дээрлик эстен чыгып, инста дүйнөдө бизнес чыгармачылык менен алек. Катталуучулары анын портреттик сүрөттөрүн жана 3 кызы менен кызыктуу видеолорун жакшы көрүп,  көбүрөөк лайк коюп келишет.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

874