7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу мекеме-ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылды

327

Бүгүн, 26-мартта борбордук аянтта Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба жана социалдык багытта иш алып барган ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылды.

Техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөргө белектер үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Атайын техникалар «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ош-Тазалык», «Ош суу каналы», «Ош свет», «Маданият башкармалыгы», «УТРК-ОШ» ишканалары арасында бөлүштүрүлдү.

Жаңы техникалардын арасында 2 жүк ташуучу «Shacman» унаасы, 2 суу ташуучу унаа, 1 көчө жуучу унаа, 1 манипулятор жана 1 «Мерседес» үлгүсүндөгү спринтер менен 1 жеңил унаа бар.

Муну менен шаардагы ишканалар 60ка жакын атайын техникалар менен толукталды.

328