15-17-сентябрда Ош облусунун өткөрүлгөн “Мал уурулук” аталыштагы рейд учурунда 35 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралууу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинде: жеке мүлктү уурдоо — 25, каракчылык — 1, зордуктоо — 1, унаа каражаттарын уурдоо — 1, ошондой эле башка кылмыштар -7.
Ачылган кылмыштар райондор боюнча,
- — Кара-Суу -14 (уурулук-10, каракчылык-1, зордуктоо-1, автоунаа каражатын мине качуу-1, дайынсыз жоголгонду табуу-1);
- — Өзгөн — 3 (уурулук -3);
- — Ноокат — 3 (уурулук -3);
- — Араван — 3 (уурулук-3);
- — Алай — 3 (уурулук-3);
- — Кара-Кулжа — 2 (уурулук-1, 130-берене боюнча-1);
- — Чоң — Алай -1 (уурулук -1);
- — Ош ОИИБ борбордук аппараты тарабынан- 6 (уурулук — 2, 180-берене боюнча — 4).
Облустагы операциянын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 1 адамдын орду аныкталган (Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмү). Уурдалган мүлктү жана малдарды сатуунун ыктымалдуу бар 18 жай текшерүүгѳ алынган. Ошондой эле мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон адамдар кѳзѳмѳлдѳн ѳткѳрүлгѳн.