7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 млн зыян келтирген Ноокаттын мэри менен депутаты абактан бошотулду

1072

Ош облустук соту Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов менен шаардык кеңештин депутаты Абдрахман Гафаровдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу маалыматты адвокат Назгүл Сүйүнбаева тастыктады.

Маалыматка ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелген эки кызматкер тең үй камагына чыгарылган. Сот эки шектүүнүн тең мурда соттолбогондугун, тергөөдөн качпаганын, туруктуу жашаган жери бар экенин эске алган.

Эске сала кетсек, Абдрахман Гафаров менен Жоомарт Нурдинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен октябрь айында кармалышкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Ноокат шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты тарабынан бюджетке 15 миллион 43 миң 720 сом зыян келтирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1073