15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга турист катары 30 күнгө чейин визасыз бара алышат. КР Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүнүн тартибин түшүндүрдү.
Аба же кургактык транспорту менен барган жарандар бул визасыз режимди бир календардык жыл ичинде эки жолудан ашык эмес колдоно алышат.
Өлкөгө кирүү үчүн төмөнкү талаптар коюлат:
- мөөнөтү бүтөрүнө кеминде алты ай калган жана жок дегенде эки бош барагы бар Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту;
- кайра кайтуу билети же үчүнчү өлкөгө учуу билети;
- Таиландда жашай турган жердин тастыктамасы, мисалы, мейманкананын брону;
- сапарга чыгаар алдында Thailand Digital Arrival Card (TDAC) электрондук картасын толтуруу.
«Таиландга баргандардын баары чек ара көзөмөлүнөн өтөт. Визасыз режим өлкөгө сөзсүз кирүүгө кепилдик бербейт. Киргизүү же киргизбөө боюнча акыркы чечимди Таиланддын Иммиграция кызматы гана чыгарат», — деп эскертти ТИМ.
Ал эми өлкөдө 30 күндөн ашык жүрүүнү пландагандар же туризмден башка максатта бара жаткандар тиешелүү визаны алдын ала тариздеп алышы керек



