15-25-октябрда Ош шаарында биринчи жолу сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, анда Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы шахматчылар, эл аралык гроссмейстерлер жана чеберлер, өлкө чемпиондору жана шахмат олимпиадаларынын катышуучулары күч сынашат.
Жалпы байге фонду 4 миң АКШ долларын түзөт.
Бул чемпионат Кыргызстанда сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу өтүп жаткандыгы менен тарыхый мааниге ээ.
Мелдеш кыргыз шахматынын эл аралык деңгээлдеги аброюн жогорулатып, Ош шаарын ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү шаар катары таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.



