Кытайда бажы кызматкерлери 20 экзотикалык жаныбарды кийимине катып алып өтүүгө аракет кылган туристти кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал аял Кытай менен Гонконгдун ортосундагы чек арадан өтүп жаткан. Бажы кызматкерлери аны өтө тар кийим кийип алганынан жана кызыктай басып бара жатканынан байкап калышкан. Көрсө, анын чөнтөгүндө жана денесинде 15 жылан (9 королевские, 6 свиноносые змеи) 1 кескелдирик жана башка жандыктар болгон.
Ага бажы кызматкерлери жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды тиешелүү уруксаатысыз эч качан ташууга жана почтага жөнөтүүгө болбойт деп эскертишкен.