7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылуу кийиниңиз! 16-февралдан тарта суук болору күтүлүүдө

307

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февралдан 18-февралга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

  • 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
  • 18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

17-18-февраль күндөрү абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
  • Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°.

 

308