Өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилди. Бул тууралуу жарандык активист Алтын Капалова соц.тармактагы баракчасына билдирди.
Тактап айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат. Буга уруксат берүү үчүн азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизүү талап кылган чечимди Конституциялык сот кабыл алды.
Алтын Капалова бул маселени бир канча жылдан бери көтөрүп келгени маалым. Ал Конституциялык сотко кайрылганын жана чечим кабыл алынганын жарыялады. Анын айтымында, жакында анын 16 жаштагы уулу паспорт алуу үчүн документтерин тапшырат жана баласы апасынын ысымын алышы ыктымал.
«Жакында паспорт алганы бара турган, 16 жаштагы уулум Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Мени өзгөчө Конституциялык соттун «матчество институту» деген сөздөрү кубандырды», — деди ал.
Бирок, экинчи пункт боюнча Конституциялык сот жашы 18ден ашпаган жарандарга апасынын фамилиясын алууга уруксат берген эместигин активист айтып, тең укуктуулукту сактоо үчүн болгон аракетин жумшаарын кошумчалаган.
Ал эми, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов каршы экенин жазган. «Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат»,- деген.