Июль айында бир нече жолу магниттик бороон болот. Бул тууралуу «Доктор Питер» басылмасы жазып чыкты.
«8-июлда магниттик бороондун алгачкы толкуну башталат. Ал 12-июлга чейин басаңдайт дагы, кийин 12синен жана 24үнөн тарта эки ирет эки күнгө созулган бороон болот. Анын күчү G2 деңгээлине жетет», — деп айтылат маалыматта.
Дарыгерлер мындай кубулуш болгон учурда көпчүлүк адамдардын башы ооруп алсырай турганын айтышат. Анткени кан коюуланып, басымы көтөрүлүп кетиши ыктымал.