7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат

541

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айназик Берекулова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

30-ноябрда С.К. аттуу жаран милицияга кайрылып, 2007-жылы туулган небересин издөөдө көмөк көрсөтүүнү суранган. Өспүрүм кыз 21-ноябрда Фрунзе көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткенден кийин кайра кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экендиги белгисиз.

Аталган факт ИИБдин маалыматтардын бирдиктүү журналына катталды.

Белгилери: бою 160-165 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө. Үстүндө мезгилге жараша кийими болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Берекулова Айназик Токтогуловна тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (508) 43-43-91, 0 (502) 29-02-22 же 102 ыкчам кызматы.

542