«Эгерде мага кордук көрсөткөн баланы камасаӊар гана баарын айтып берем. Антпесеӊер ал мага тынчтык бербейт», -деп жалбарган 18 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Ош шаардык Ак-Буура милиция бөлүмүнө азыр менен кайрылган.
Жабырлануучунунун көрсөтмөсүнө ылайык, аны өз эркине каршы, 3 жыл бою зордуктап жүргөн , 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен унаасына салып Ош шаарына алып келген.
Жолдо аны коркутуп уруп, телефонун талкалап салган. Негизинен шектүү кызды кызганып, «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп кызганып урган.
18-май күнү Ак-Буура милиция бөлүмү бул факт боюнча КР жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренеси (170-берене) менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Кадам-Жай районунуну тургуну Т.Д. атту жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын караары айтылат.
«Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы эле кызды 16 жашында бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын» деп коркутуп, зомбулугун 3 жыл бою улантып жүргөн.
Жабырлануучу милицияга арыз жазуудан корккон. Бул ирет да көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айткан. «Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан коркком» деген«, -деп жазылат Ош ШИИБнин маалыматында.
Эске сала кеткен, жабырлануучу Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайлардын биринде студент. Кылмышка шектелген Т.Д. Россияда жүргөн кезде, башка бала менен кыз-жигиттик мамилеси болгон. Ал кыздын зордукталгандыгын билчүү эмес.
Жашыруун булактар билдирген маалыматка ылайык, шектүү Т.Д. байдын баласы. Учурда баланын ата-энеси баш коргоо чарасын карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Темир Байматовдун эшигин акмалап, сотту сатып алуу аракетинде.
Кызды шаарга салып келген машинасынын үлгүсү «Toyota Corolla» экендигин эске салабыз.