УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөдө жүргөн, коңшу өлкөнүн жараны К.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Чүй облусунда жүрүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, коңшу өлкөнүн жараны К.Э. кармалды.
Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү, ошондой эле оор кылмыш ишин жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн», -деп билдирет.
Кармалган жаран «К.Е.» УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.