7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жаштагы зордукталган кыз төрөдү. Суракта 20дай эркек бири-бирине шылтайт, бала кимден?

7914

Таласта 16 жаштагы өспүрүм кыз көз жарып,аны зордуктоого баш аягы 20дай эркек сурак берип жатат. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы кыздын таенесинин маалыматына таянып жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, зордукталган кыздын ата-энеси ажырашып кетип, таенесинин колунда өскөн, Таластын Бакай-Ата районунун тургуну. Акыл-эс жагынан артта калгандыктан 9-класска чейин гана мектепте окуган.

69 жаштагы таенеси анын зордукталып жүргөнүн, боюнда бар экенин 4,5 ай болуп калганда гана байкаган. Бир ирет коңшусунун баласы чакырып кеткенден кийин артынан барып, шымы тизесине чейин чечилген 2 баланы жана жылаңач жаткан кызынын үстүнөн чыккан.

«Жарым сааттай жок болуп кетти. Мен сарсанаа болуп аркасынан барсам, эшиги бек экен. Жүрөгүм бир нерсени сезип, катуу тарта баштадым. Ошол маалда эшик ачылып кетти. Кирсем эле баягы кошунанын баласы менен дагы бир кошунанын баласы шымдары тизеге чейин түшүп, менин кызымдын шымы жок, жерде жатат. Үйүндөгүлөр Бишкекте экен. Тиги эки баланы колума таяк алып кубаладым. Анан кызымды алып кеттим. Андан улам-улам сурасам, унчуккан жок. Ошентип чочуп, кызымды аркасынан калбай, кайтарып калдым. Элге айткандан уялдым. Баланын апасы Бишкектен келгенде барып айтсам, баласы эч нерсе кылган жокмун деп танып койду. Анан бир аз убакыттан кийин кош бойлуу экенин билип жатабыз«- дейт таенеси.

Ал окуядан кийин элге сөз болбойлу деп кызды Бишкек шаарына апасына жиберишкен. 8-июль күнү №6 төрөт үйүндө төрөп, ошол жерден милиция аралаша баштайт.

Биринчи-Май РИИБи маалыматтарды электрондук түрдө жиберип, иш Бакай-Ата РИИБинде Жазык кодексинин 164-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башаталат.

Тергөөдө, шектүүлөр бирин-бири көрсөтүп олтуруп, алардын саны 20га жакындаган. Арасында өспүрүм балдардан тарта үй-бүлөөсү бар, чоң кишилер да бар.

Азыркы убакта Т.С.га карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7915