Ысык-Көлдө Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйлөрдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.
Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда.