7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жыл мурун 14 жашында кудасы зордуктап салган аял арыз жазууну чечти

7374

16 жыл мурун кудасы тарабынан зордукталган аял полицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө 1991-жылы туулган К.А. аттуу кыз арыз жазган. Аны 2005-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кудасы зордуктап салган, бирок ал учурда ИИМге кайрылган эмес.

Анын айтымында, зордуктоо учурунда ал 14 жашта болгон. Эми ал Айзада Канатбекова менен болгон кайгылуу окуядан кийин полицияга кабарлоону чечкен.

«Арыз катталып, иштин материалдары Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү. Милиция кызматкерлери арыз ээсинин мурунку дарегине барып бул тууралуу апасынан сурашкан, бирок апасы эмне болуп жатканынан кабары жок жана кызынын зордукталышы тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айткан», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7375