7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр: Жибек жолу проспектисинде көпүрө куруп жаткан подрядчыны алмаштырууну тапшырды

106

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жибек жолу проспектисинде көпүрө куруп жаткан подрядчыны алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн мэрдин борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилердин иштери менен таанышуу үчүн чыккан көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объектте сапатсыз тосмолор аныкталган, буга байланыштуу калаа башчысы кыска мөөнөттө подряддык уюм менен келишимди бузууну тапшырды. Ошондой эле дарыянын нугун бойлой жайгашкан объекттердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тапшырма берилди.

Белгиленгендей, жаңы көпүрө алты тилкелүү болот. Долбоордо унаа токтотуучу жайларды, анын ичинде таксилер үчүн орундарды уюштуруу тилкелери каралган.

107