Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын Борбор Азия чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш 17-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында башталат. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан командалары ат салышмакчы.
«Эрежеге ылайык, Өзбекстан мелдештин уюштуруучусу катары алгачкы беттешинде ким менен ойной турганын өзү тандайт. Алар Тажикстанды тандады. Биздин команда 17-августта алгачкы оюнунда Казакстан менен таймашат», — деген ал.