Чүй облусунун Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 12-августта болжол менен саат 20:30дар чамаларында Москва районундук милициясына Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочусу А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Ал атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.
Аталган факт Москва РИИБинде Жазык кодексинин 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда атасын өлтүргөн жаран убактылуу кармоочу жайда.