7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17-декабрда кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болот

598

Кыргызстанда 2022-2023-жылдардын кышкы туристтик сезонунун расмий ачылышы 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте “ЗИЛ тоо лыжа базасында” Кыргызстандын 2022–2023–жылдарга карата кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылыш аземин өткөрөт.

Бул иш чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

«2022-2023-жылдардын карата кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылыш аземина кош келиӊиздер!»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599