7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия жарандарды беткап тагынууга чакырат

409

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын муниципалитети вирус жайылып кетпеши үчүн беткап кийүүнү сунуштайт.

«Суранабыз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр»,-деп берилет билдирүүдө.

Сасык тумоо жана КРВИ вирустары адамдын респиратордук ооруларын ар кандай оордукта жаратат. Оорунун белгилери кадимки (сезондук) сасык тумоого окшош. Оорунун оордугу бир катар факторлорго, анын ичинде организмдин жалпы абалына жана жашына жараша болот.

Ооруга чалдыккандар: улгайган адамдар, жаш балдар, өнөкөт оорулар (астма, диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башкалар) жана иммунитети начар адамдар.

Азыркы учурда КРВИ инфекциясын көзөмөлдөө кыйын бойдон калууда: себеби вирустардын жогорку жугуштуулугу жана вирустардын түрлөрүнүн өзгөрмөлүүлүгү.

Эпидемиялык мезгилде жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:

  • колдун гигиенасын сактаңыз-колду самындап жууп туруңуз. Эгер колуңузду самындап жууганга мүмкүн болбосо, дезинфекциялоочу майлыктарды колдонуңуз;
  • сиз көп тийген жерлерди (столдор, отургучтар, эшиктин туткалары ж. б.) үй жуучу каражаттар менен тазалаңыз жана дезинфекциялаңыз;
  • «дем алуу этикетин» сактаңыз (чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозуңузду жана мурдуңузду бет аарчы менен жабыңыз, мурдуңузга, оозуңузга жана көзүңүзгө тийбеңиз ж. б.);
  • эл көп жерлерге баруудан жана саякаттоодон алыс болуңуз, КРВИнин белгилери бар адамдар менен 1 метрден аз аралыкта байланышуудан алыс болуңуз;
  •  сергек жашоо образын карманыңыз (жетиштүү уйку жана тамактануу, оптималдуу физикалык активдүүлүк).
  • Сасык тумоо жана курч респиратордук оору менен ооруган учурда төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткаруу өтө маанилүү
  •  зарыл болсо-дарыгерге кайрылып, анын бардык сунуштарын так аткарыңыз;
  •  төшөктө эс алуу;
  • мүмкүн болушунча үй жаныбарлары менен, айрыкча балдар менен байланышты чектөө, аларга жуктурбоо үчүн;
  •  бөлмөнү желдетип туруңуз;
  •  бардык дары-дармектер дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

410