7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү, теле жана радио тармагынын кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылды

406

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, телекөрсөтүү, радиоуктуруу, ошондой эле, билим берүү тармагынын бир катар кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлады.

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) 90 жылдыгына байланыштуу президенттин энчилүү сааты менен төмөндөгү кызматкерлер сыйланышты:

— УТРКнын «Кыргыз радиосунун» баяндамачысы Эльмира Ажыканова;

— К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын кинорежиссеру Автандыл Абышкаев;

— И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Замирбек Алымкулов;

— УТРКнын «Музыка» телеканалынын алып баруучусу Айзада Жамгырчиева;

— Чүй облустук медиаборборунун редактору Төлөбүбү Касымалиева;

— Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк;

— Баткен облустук медиаборборунун директору Мамажан Молдоев;

— УТРКнын башкы директорунун орун басары Уланбек Сатиев;

— Ысык-Көл облустук медиаборборунун кабарчысы Асель Тулпарова;

— Нарын облустук медиаборборунун башкы редактору Бөлөкбай Шеримбеков.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын атынан алкыш жарыяланды:

— УТРКнын үн режиссеру Бакытбек Ашырахмановго;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын алып баруучусу Расул Багышбаевге;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын режиссеру Азат Жакыповго;

— УТРКнын «Маалымат» студиясынын шеф-редактору Нурбек Имановго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» баяндамачысы Назира Молдокуловага;

— УТРКнын «Алтын казына» борборунун улук редактору Берметкан Сарыгуловага;

— УТРКнын шеф-редактору Мирхамид Токтогуловго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» редактору Кулбюбю Усеновага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын редактору Вера Черниковага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Амантур Шергазиевге.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

407