Бүгүн, 17-ноябрга карата коронавирус дагы 77 адамдан аныкталып, 102 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 27,
- Чүй облусунда – 23,
- Ош облусунда – 7,
- Талас облусунда – 2,
- Ысык-Көл облусунда – 8.
Пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 712 адам каза болду.