7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ата-энесинен айрылган балдардын пенсиясын көтөрдү

827

Жапаров ата-энесинен айрылган балдардын пенсиясын көтөрдү. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Президенттин «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ата-энесинен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген.

Багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып  — 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондугу боюнча – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828