7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

170 миң сомду түзгөн талаа сугаруучу жабдуулардын тетиктерин уурдагандар кармалды

667

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 5-июль күнү Ленин айылында жайгашкан кооперативдердин биринин өкүлү кайрылып, 1-июлдан 4-июлга чейинки убакыт аралыгында талаа сугаруучу жабдуулардын 34 даана тетиктерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 170 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Х.А. жана 1993-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жарандардын дагы башка 9 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668