7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экотехинспекциянын жоюлушу бизнес чөйрөсүн кайрадан кысымга алып келет. Ардагерлердин кайрылуусу

2162

Экологиялык техникалык инспекциянын ардагерлери Президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына ММКлар аркылуу кайрылуу жолдоду.

«Президенттин ишке ашырып жаткан реформалары, аткарып жаткан программа, иш аракеттери коом тарабынан колдоого алынып жаткандыгына күбөбүз. Реформанын башатын эл жашоосун жеңилдетүү, экологияны жакшыртуу жана мыйзамдуулукту бекем орнотуу түзөөрү талашсыз.

Мамлекет башчысы менен министрлер кабинетинин аракеттерин четте карап отурбай, өз сунуш пикирлерибизди ачык билдирүүнү туура көрдүк. Кеп “Кумтөр Голд Компани” ишканасын өлкө экологиясына зыян келтирди деп, сотко бирге катышып, мамлекеттин эсебине 1 308 653 370 мамлекетгик пошлина жана казынага 261 млрд 719 млн 674 мин 80 сом айып пул төлөтүп алган, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тууралуу болмокчу.

Инспекция 2012-жылы, бизнес коомчулугун жана катардагы ишкерлерди колдоо, ашепке текшерүүлөрдүн санын кыскартуу багытында түзүлгөн. Анткени, ага чейин, жалпысынан 22 тескөө жана көзөмөлдөө органдары иш алып барып, жылына 60 миңге чейин текшерүүлөр орун алгандыктан, ишкердик менен алектенгендер баш көтөрө албай калгандыгын статистика көргөзгөн. Жыйынтыгында бардык көзөмөл органдар кыскартылып, экология, курулуш, өрт, энерго көзөмөлү жана ишке орноштуруу сыяктуу 12 багытты камтыган экотехинстпекция түзүлгөн. Андан жалпысынан бири-биринин ишмердигин кайталаган 1500гө жакын кызматкер кыскартылып, жылдык текшерүүлөр 15 миңге чейин кыскарган. Буга чейин ар кыл негиз менен күн алыс текшерүүлөр токтотулуп, экотехинспекция бир жылда бир көзөмөлгө алып, тартип жана мыйзам бузуулар боюнча бирдиктүү айып пул төлөнө баштап, соңку 7 жыл аралыгында инвесторлордун саны арбыган.

Ушул жылдын 12-апрелинде КРнын Өкмөтүнүн №38-токтомунун негизинде, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын функциялары ар кыл министрликтерге чачыратуу чечими кабыл алынган. Андан бери жарым жыл убакыт аралыгында токтом ишке кирбей, инспекция иши токтоп турат. 1-июндан тарта, иштеп жаткан жобо дагы жокко чыгарылды. Мыйзам бузууга эгедер болгон жарандар кай жакка кайрылып арыз жазаарын билбей беймаза. Эмне себептен токтомдун иштеп кетүүсү көп убакытты талап кылынаарын жана эффективдүүлүгүн бербеши боюнча негизги аспектилерге токтололу:

1. №38-токтомдогу белгиленген жаңылануу толук кандуу иштеп кетиши үчүн, мыйзамдар жана ченемдик укуктук актыларга 90го жакын өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши зарыл. Өзгөртүүлөрдү кийинки чакырылыштагы эл өкүлдөрү кабыл алабы же азыркыбы? Бул дагы чоң суроо. Өтө көп убакытты талап кылат. Ага чейин, өлкөдөгү эмгекчилердин укуктарын, экология же өрт коопсуздуктары бузулса ким көзөмөлдөп, ким толук жоопкерчиликти алат? Кылдат көңүл чордонунда боло турган маселе. |

2. 2012-жылдагы реформада 1500 кызматкер кыскарса, инспекциянын жоюлушу менен министрликтин алдында дагы 5 мекеме түзүлүп, алар жаңы курам топтоп, мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйөт. Бүгүнкү күн экотехинспекцияда жалпы республика боюнча 600 инспектор иштейт. Демек, функция чачыратуунун эффективдүүлүгү күмөн жаратат.

3. Ар бир көзөмөл кылуучу орган атайын юстиция министрлигинен каттоодон өтүүсү зарыл. Эми ар бир министрлик кайрадан каттоодон өтүп көзөмөлдөөчү орган болуу уруксатын алышы керек. Зарылчылыгы эмнеде?

4. Министрликке функциялар бөлүштүрүлгөнү кызыкчылык конфликтери келип чыгышы мүмкүн. Мисалы: курулуш багытында Госстрой уруксат берет, өздөрү көзөмөлгө алат. Текшерүүчү тарап уруксат берген органдын катачылыктарын таап, ачыкка чыгарайын десе, жетектөөчү министр бир эле киши болуп, көп кемчиликтер көз жаздымда калат.

Урматгуу, Садыр Нуркожоевич, Улукбек Асамидинович, эл өкүлдөрү жана журналисттер, учурда жарандар, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюуу, экологиялык коопсуздуктарга, мыйзам бузууларга карата эч нерсе кыла албай колдору байлануу. Кен иштетүүдө экологиялык колапс болсо, анда иштегендердин укугу бузулса, мыйзамсыз курулуштар жайнап кетсе, жоопкерчиликти ким алат?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында көп жылдан бери иштеген ардагерлер катары бул кырдаалга көңүл бурбай койо алган жокпуз. Инспекция ишмердигин улантуусу көп балээнин башталышына, эң негизгиси бизнес чөйрөсүнүн кысымсыз иштөөсүнө, экологиянын сакталышына жана эмгекчилердин укуктарынын корголушуна эгедер болмокчу.

Андыктан министрлер кабиненинин № 38 токтомуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Терең анализдеп, тыкыр ойлонуп чечим чыгарасыздар деген үмүт жана урматтоо менен экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынынын ардагерлери», -деп жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2163