Жакынкы төрт ай ичинде COVID-19 дагы 22 жолу мутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Темпл университетинин Геномика жана эволюциялык медицина институтунун изилдөөсүнө таянып medRxiv порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер SARS-CoV-2 вирусунун жабышчаак белогунун кандайча өзгөрөрүн алдын ала биле баштады. Мындан улам жакынкы айларда вирус 22 түрлүү мутация болору божомолдонууда. Айрым түрдөрү антителонун деңгээлин түшүрүп жиберүүгө жөндөмдүү болуп, вирустун бул варианттары планетага массалык түрдө жайылары айтылып жатат.
Окумуштуулар вирустун кандай мутация болорун атайын математикалык модель аркылуу аныкташат. Ушул тапта илимпоздор пайда болчу штаммдарды беш ай мурда биле аларын айтууда.
Белгилей кетсек, буга чейин дельта штаммынын пайда болорун алдын ала айтышкан.