7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Бишкекте «экинчи Ботаникалык бак» пайда болот

11

Бишкекте «экинчи Ботаникалык бак» пайда болот. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузулуучу көчөттөрдү көрдү.

Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 000 даана көчөт алып келинген. Бүгүнкү күнгө чейин 30 000 даана дарак көчөтү отургузулду.

Мэр иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча инфраструктураны жакшыртуу, питомниктин кызматкерлери жана келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эс алуу зоналарын уюштуруу жана бул жайды өзгөчө «экинчи Ботаникалык бакка» айландыруу белгиленди.

Ошондой эле көчмө жыйындын алкагында шаар боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ишканага 12 даана жаңы атайын техника берилди. Алардын катарына автокран, кичи-экскаватор, фронталдык жүктөгүч, экскаватор, манипулятор жана газондорду тейлөөгө арналган техника кирет.

12