7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

К.Ташиев: Элдин талабы ошол болсо, демек жер берилбейт!

2220

Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын  жанынандагы жердин алмашуусуна каршы, акцияга чыккандар менен жолугушуп, элдин талабы ошол болсо, ал жер берилбесин айтты.

«Силердин талабыңар “Кемпир-Абаддагы” жерди алмаштырбоо болсо, биз макулбуз. Ошол боюнча калат. Биз элдин, силердин талабыңары угабыз. Каалооңор менен “Кемпир Абад” суу сактагычына тийбейбиз», — деди Камчыбек Ташиев.

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 22-апрелде нааразылык билдирип чыгышкан. Алар үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.

Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кылаарын айткан болчу.

https://www.facebook.com/jetinchi/videos/4614926738522925/

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2221