Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанынандагы жердин алмашуусуна каршы, акцияга чыккандар менен жолугушуп, элдин талабы ошол болсо, ал жер берилбесин айтты.
«Силердин талабыңар “Кемпир-Абаддагы” жерди алмаштырбоо болсо, биз макулбуз. Ошол боюнча калат. Биз элдин, силердин талабыңары угабыз. Каалооңор менен “Кемпир Абад” суу сактагычына тийбейбиз», — деди Камчыбек Ташиев.
«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 22-апрелде нааразылык билдирип чыгышкан. Алар үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.
Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кылаарын айткан болчу.
https://www.facebook.com/jetinchi/videos/4614926738522925/